Шайлоо алдындагы "кара пиар". Жалган маалымат тараткандарга кандай чара көрүлөт?

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

25-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таратып, андан соң президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү 30-ноябрга белгилеген. Депутаттардын өзүн-өзү таратуусу президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүнүн аралыгы жакын болгондугуна байланыштуу саясий туруксуздуктун алдын алуу менен түшүндүрүлдү.

“Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот. Биринчиден, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдирем. Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар. Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр. Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Көчмөндөр оюну бизде өтөт", - деп белгилеген президент Садыр Жапаров шайлоо боюнча элге кайрылуусунда.

WhatsApp_Image_2025_wGmIEIf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Ошондой эле өлкө башчысы "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде бийлик таза шайлоо өткөрүүгө бардык шартты түзүп бергенин, шайлоону болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө ар бир жаран салым кошушу керектигин айткан.

"Биз, бийлик таза шайлоо өткөрүүгө бардык шартты түзүп бердик. Татыктуу депутаттардын келүүсүнө эми элибиз дагы салым кошуусу керек.

Учурдан пайдаланып шайлоочуларга дагы кайрылып кетсем:

Үгүт жана добуш берүү маалында ар кандай мыйзам бузууларды укук коргоо органдары, тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер карашат. Бирок алардын саны чектелүү болгондуктан, бардык участокторго үлгүрбөй калышы ыктымал.

Сиздерде болсо ар бириңердин колуңарда камера бар. Добуш сатып алып жаткандарды же добушун саткандарды байкасаңыздар, тартып чыгарыңыздар. Мыйзам бузгандарды уяткарыңыздар. Шайлоону жаңы тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө ар бирибиз салым кошолу.

Жарандык активдүүлүгүңөрдү көрсөтүңүздөр. Шайлоолорду таза өткөрүүдө бир эле ушул добуш сатуу, добуш сатып алуу көйгөйү калды. Муну жок кылсак башка көйгөй калбайт. Ошондуктан, “Көптүн көзү көрөгөч”, “Көп түкүрсө көл болот” дейт, жалпы эл жардам бериңиздер", - деген өлкө башчысы.

Бирок, ага карабай учурда социалдык тармактарда талапкерлердин жактоочулары бири-бирине ар кандай такталбаган айыптарды коюп, “кара пиар” жүргүзүп жатканын байкоого болот.

WhatsApp Image 2025-10-06 at 15.10.20.jpeg

Ал эми маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

Интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам ушул жылы 10-февралда күчүнө кирген. Арызды ИИМ кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Сот жалган маалымат таратты деп тапса, 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.

"Кабар" агенттиги социалдык тармактар аркылуу бири-бирин каралап, жалган маалымат тараткандарга кандай чара көрүлөрүн билүү үчүн БШКга кайрылды. БШКнын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Шабдан Кайыповдун айтымында, талапкердин ар намысына шек келтирүү аракетине 2 берене менен чара көрүлөт.

WhatsApp Image 2025-10-06 at 13.58.15.jpeg

"КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинде талапкерге же башка шайлануучу тарапка карата анын кадыр-баркын түшүрүү, ар намысына шек келтире турган жалган маалымат таратуу боюнча эки беренеде жоопкерчилик каралган. Биринчиси, 66-берене – “Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды жайылтуу". Бул депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар намысына же кадыр баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылткандыгы үчүн жеке жактарга 12 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 35 000 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет”, - деген ал.

Анын айтымында, айып салуу жөнүндө чечим БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде отурумда карап чыккандан кийин кабыл алынат.

1032516963_541_124_1620_731_600x0_80_0_0_eed774a9ed83100a2ec3b013bbe4dcd2.jpg

"Экинчиси жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги. Бул ошол эле Укук бузуулар кодексинин 67-беренесинде көрсөтүлгөн – "Талапкердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтуусу" деп аталат. Мындай чара шайлоо дайындалгандан тартып, шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейинки мезгил аралыгында талапкерлердин, саясий партиянын ар намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине шек келтирген маалыматтарды ЖМКга жайылткан учурда көрүлөт. Юридикалык жак катары ЖМКга 17 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган”, - деди ал.

Жыйынтыгында БШКнын өкүлү бардык талапкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана башка талапкерлерге урмат-сый менен мамиле кылып, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.

News_239430733329393873955582065322676404614.jpg

Белгилей кетсек, учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Бүгүн өлкө боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси бекитилгени маалым болду. Ал 4 млн 287 миң 222 шайлоочуну камтыйт. Ал эми ушул сааттарга карата шайлоого катышуу үчүн өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 50гө жетти. Дагы үч партия талапкер көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди.