Шайлоо алдындагы чагымчылдык кимге керек?

Пикир Загрузка... 20 Ноябрь 2025 11:24
WhatsApp Image 2025-11-20 at 11.10.53 (1).jpeg
copyright icon WWW
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Жогорку Кеңешке шайлоо жакындаган сайын өлкөдө кайрадан ички туруктуулукту бузууга багытталган аракеттер күчөгөнү байкалып жатат. Башында майда тиричилик чыры же жергиликтүү жаңжал сыяктуу көрүнгөн окуялар бара-бара ырааттуу түрдө көбөйүп баратат. Ким мындай чыңалууларды жаратып жатат жана буга кимдер кызыкдар? – деген суроолор жаралууда.

Жакындагы мисалдардын бири - коомду дүрбөлөңгө салуу жана бийликти басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен УКМК тарабынан соцтармактагы аккаунттун администраторунун кармалышы. Тергөөнүн версиясына ылайык, 46 жаштагы жаран чет өлкөдө жүргөн деструктивдүү күчтөрдүн көрсөтмөсү менен радикалдуу билдирүүлөрдү жайгаштырган жана айрым мамлекеттик мекемелердин жетекчилери тууралуу жабык маалыматтарды чогулткан.

Чүй облусундагы чет элдик жаран менен жергиликтүү жарандын жол талашуудан улам келип чыккан окуясы да коомдун көңүлүн буруп, кытайлык жумушчулар тууралуу талкууну күчөттү. Президент Садыр Жапаров бул инцидентти «шайлоо алдындагы атайын уюштурулган провокация» деп атады. Анын айтымында, мындай окуялардын артында өлкөнү дүрбөлөңгө салып, абалды бузууга кызыккан топтор турат.

Шайлоо алдындагы мезгил — негизинен саясий атаандаштык эң күчөгөн учур болот. Коомдо чыңалуу жогорулайт, ушак-айыңдар тез тарайт. Муну ири күчтөр да, майда саясатчылар да жакшы билет. Ошондуктан кадимки тиричилик чатагы деле социалдык тармактар аркылуу «коомдук кризис» катары көрсөтүлүшү мүмкүн. Максат — бийлик абалды көзөмөлдөй албай жатат деген элес жаратуу, коомду бөлүү, адамдарды эмоция менен башкаруу.

Акыркы жумада кыргыз сегментинде текшерилбеген, курч маанайдагы посттор да көбөйдү. Булардын көпчүлүгү төмөнкү схема менен иштейт:

  • Кадимки тиричилик жаңжалы чыгат.
  • Аны атайылап саясий же этностук мүнөзгө бурмалашат.
  • Жасалма далилдер, эки тараптуу айыптоолор пайда болот.
  • Коом реалдуу эмес, жасалма проблеманы талкуулап баштайт.

Бул — стихиялуу процесс эмес, атайын иштелген технология.

Буга кимдер кызыкдар болушу мүмкүн?

  • Рейтинги төмөн саясий күчтөр

Туруксуздук аларга өзүн көрсөтүүгө жакшы шарт түзөт. Абал канчалык начар көрүнсө, алар үчүн ошончолук пайдалуу.

  • Таасирин жоготуп жаткан экономикалык топтор

Башаламандык ресурстарды кайра бөлүштүрүү үчүн ыңгайлуу шарт. Анын үстүнө, учурдагы бийлик коррупцияга каршы элдешкис күрөш баштап, ресурстарга ээ болгондордун куйруктары кесилип жатпайбы.

  • Сырткы оюнчулар

Борбор Азия — чоң державалардын кызыкчылыгы кайчылашкан регион. Туруксуздук — сырткы кийлигишүүгө ыңгайлуу кырдаал.

  • Социалдык тармактагы “политтехнологдор”

Чыр-чатак — алар үчүн контент. Контент — трафик. Трафик — акча. Ошондуктан жаңжал канчалык чоң болсо, ошончолук пайдалуу.

Эмне үчүн ставка дал ушул тиричилик жаңжалдарына жасалат десеңер, анткени аларды жасалма түрдө козутуу оңой. Тиричилик чыры көп ресурсту талап кылбайт, реалдуу көрүнөт жана кеңири масштабдагы көйгөйдүн «символуна» оңой айланат.

Бул шартта коом эмне кылышы керек?

Биринчиден, провокацияларга алдырбоо. Бүгүнкү “чоң жаңжалдардын” көбү жасалма.

Экинчиден, анонимдүү булактарга эмес, расмий маалыматтарга таянуу керек.

Үчүнчүдөн, саясий сабаттуулукту сактоо. Шайлоо — эмоциялардын эмес, идеялардын таймашы.

Бүгүн Кыргызстанды туруксуздаштырууга болгон аракет — кокустук эмес, бул — стратегия. Таза жол менен саясий жыйынтыкка жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок топтордун стратегиясы.

Бирок өлкөнүн туруктуулугу — бир гана мамлекеттик органдардын эмес, ар бир жарандын жоопкерчилиги.

Шайлоо өтөт. Кыргызстан калат. Ал ушул саясий мезгилден кандай абалда чыгаары — баарыбызга байланыштуу.