Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргызстандыктарга Орозо айтка куттуктоосун жолдоду

Президент Загрузка... 20 Март 2026 12:27
11.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жогорку руханий баалуулуктардын – гуманизмдин, кайрымдуулуктун, боорукерликтин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүнүн арасында өз ара урматтоонун жана түшүнүүнүн, тилектештиктин жана тынчтыктын бекемделишине өбөлгө түзөт деп терең ишенем.

Ушул ыйык майрамда Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстан элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. Бардык тилектерди жана жакшы иштерди Жараткан кабыл кылсын”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.