Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинети социалдык маанилүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтырууга багытталган чаралардын комплексин даярдады. Бул тууралуу брифингде экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Анын айтымында, баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча мамлекеттин стратегиясы экономикалык жана административдик механизмдердин айкалышына негизделген.
Сейитов белгилегендей, министрлер кабинети биринчи кезекте зарыл болгон товарлардын баасын жөнгө салуу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү форматын активдүү колдонууда. Ошондой эле жеткирүүдөгү үзгүлтүктөрдү алдын алуу үчүн сырье жана азык-түлүктүн туруктуу булактарын калыптандыруу иштери жүрүүдө.
Күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулууда. Чоро Сейитов күйүүчү майдын көлөмү жана баасы үч тараптуу мониторингдин астында экенин белгиледи.
"Күйүүчү-майлоочу майдын баасы жана кору Экономика министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Энергетика министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Кырдаал министрлер кабинетинин жеке көзөмөлүндө. Биз күйүүчү майдын тартыштыгына жол бербейбиз", — деди ал.
Мындан тышкары, жазгы талаа жумуштарына даярдыктын алкагында фермерлер үчүн күйүүчү-майлоочу май сатып алуунун белгиленген баалары бекитилди. Бул дыйкандарга айдап-себүү иштерин өз убагында жана ашыкча чыгымсыз өткөрүүгө шарт түзөт.