Сауд Аравия падышасы президентти жана кыргыз элин айт майрамы менен куттуктады

Президент
Сауд Аравия падышасы президентти жана кыргыз элин айт майрамы менен куттуктады
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Сизге эң чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду жана эң жакшы каалоо-тилектерибизди жолдоо биз үчүн чоң кубаныч. Жараткан Аллах Тааладан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүү, ошондой эле бүткүл ислам үммөтүнө даңк жана улуулук берүүсүн тилейм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле өз куттуктоосун Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы, министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы жолдоду.