Сатаев журналистикада ЖИни колдонуунун оң жана терс жактарын атады

Коом
Сатаев журналистикада ЖИни колдонуунун оң жана терс жактарын атады
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Заманбап журналистиканын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында журналист Өмүрбек Сатаев журналистикада жасалма интеллектти колдонуунун оң жана терс жактарын “Кабар” агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө журналистика өзгөчө абалда турат. Анткени журналисттер жасалма интеллектти колдонуп жатышат, ошондой эле блогерлер социалдык тармактарга көп чыгып, алардын статусу азыркы учурда такталбаган абалда.

“Жасалма интеллектти колдонуунун эки жагы бар: жакшы жана терс жактары. Жакшы жактары — көп учурда жасалма интеллект журналисттерге текст менен иштөөдө, маалымат издөөдө жана аны талдоодо абдан чоң жардам берет.
Ал эми терс жактары — кээ бир учурларда жасалма интеллект мисалы, текстти адам жазгандай кылбай, чектеп, айрым учурда өзү да маалыматтарды кошуп койгон учурлары болот. Бул терс көрүнүшкө алып келиши мүмкүн. Анткени мыйзам алдында журналисттер өтө чоң жоопкерчиликти сезип, жоопкерчиликтүү болушу керек”, — деди ал.

Өмүрбек Сатаев жасалма интеллект канчалык өнүксө дагы, журналисттин ролу абдан чоң экенин белгиледи.

“Албетте, ар бир иште жасалма интеллектти туура колдонуу керек. Кошумча жардамчы катары жакшы нерсе, бирок ар бир нерсени өзүнүн чеги менен колдонуу зарыл”, — деп кошумчалады журналист.

Эскерте кетсек, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 7-ноябрь — Басма сөз күнүнө жана илимий жумалыкка карата “Заманбап журналистиканын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Илимий конференцияда заманбап журналистиканын санариптик трансформация, жасалма интеллект жана алгоритмдердин өнүгүшү менен байланышкан чакырыктары талкууланды.