"Эркин Тоо" гезитинин келечеги кең – Курманбек Рысбаев

Коом
"Эркин Тоо" гезитинин келечеги кең – Курманбек Рысбаев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Басма сөздүн санариптик маалымат каражаттары менен катар жашоого мүмкүнчүлүгү чоң. Анткени гезиттер тарыхый маалыматтарды сактап, келечек муундарга жеткирүүдө маанилүү булак болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Эркин Тоо” гезитинин башкы редакторунун экинчи орун басары Курманбек Рысбаев билдирди.

Анын айтымында, интернеттеги маалыматтар ар кандай себептерден улам өчүп же жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми кагаз түрүндө жарык көргөн гезиттер китепканаларда жана архивдерде сакталып, көп жылдар бою өз баалуулугун жоготпойт.

“Мындан 3-5 миң жыл мурун жазылган Египеттин папирустары бүгүнкү күнгө чейин сакталып, бизге жетти. Интернеттеги маалыматтар да вирустардан, техникалык мүчүлүштүктөрдөн же атайын жасалган чабуулдардан улам жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми гезиттер архивдерде сакталып, керек учурда кайра баракталып, пайдаланылат.

Мындан тышкары, Конституция жана кодекстер сыяктуу көлөмдүү расмий документтерди гезиттин архивинен да табууга болот. Ошондуктан, гезиттин тарыхый жана маалыматтык мааниси чоң”, — деди ал.

Рысбаев белгилегендей, дүйнөдө санариптик технологиялар өнүккөнүнө карабастан, ири басылмалар өз ишин улантып келет.

“Мисалы, АКШдагы “The New York Times”, Япониядагы “Asahi” жана Түркиядагы расмий гезиттер бүгүнкү күнгө чейин окурмандарын жоготкон жок.

“Эркин Тоонун” келечегине оптимисттик көз караш менен карайбыз. Гезиттин келечеги кең деп ишенимдүү айта алам. Азыр да гезит окуган, журналдарды барактаган окурмандар бар. Мамлекет акыркы жылдары басма сөзгө өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатат. Келечекте биз да “The New York Times” жана “Asahi” сыяктуу кеңири окурман аудиториясына ээ болгон басылмалардын катарына кошулабыз деп ишенем”, — деди Курманбек Рысбаев.

Ошондой эле ал “Эркин Тоо” гезитинин тарыхына токтолду. Анын маалыматына караганда, басылманын алгачкы саны 1991-жылдын 3-июлунда жарык көргөн. Быйыл гезиттин негизделгенине 35 жыл толду.

“Бул — Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен кошо жаралган гезит. 1991-жылдан бери өз тарыхыбызды улантып, окурмандарга маалымат жеткирип келебиз”, — деп кошумчалады ал.

Редакция учурда заман талабына ылайык, гезиттин санариптик багытын өнүктүрүүгө да басым жасап жатат. Басылманын өз сайты, YouTube каналы жана Instagram баракчасы бар.

Анын айтымында, акыркы жылдары социалдык тармактардагы аудиториясы кыйла өсүп, YouTube каналынын катталуучуларынын саны 40 миңден ашты. Редакция кагаз түрүндөгү гезитти да өнүктүрүү менен катар электрондук платформалардагы ишин улантууда.

“Биз мезгилдин талабынан артта калбай, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда кагаз түрүндөгү гезитибиздин да өз окурмандары бар. Андыктан эки багытты тең өнүктүрүү маанилүү”, — деди Курманбек Рысбаев.