Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. “Эркин Тоо” гезити — мамлекеттик мыйзамдар, президенттин жарлыктары жана токтомдор жарыялануучу маанилүү расмий басылма. Бул тууралуу аталган басылманын 35 жылдыгында президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев билдирди.
Ошондой эле ал гезиттин мамлекеттик башкаруудагы ордуна токтолду.
Анын айтымында, “Эркин Тоонун” башкы өзгөчөлүгү — расмий документтерди жарыялоо аркылуу алардын күчүнө киришине байланышкан милдетти аткаруусунда.
“Мамлекеттик мыйзамдар жана президенттин жарлыктары “Эркин Тоого” жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлер бул гезитке жазылып, жарыяланган материалдарды окуп турушу керек. Анткени мамлекеттин ишмердигине байланышкан маанилүү чечимдер ушул басылма аркылуу жарыяланат” — деди Чолпонбек Абыкеев.