Санкт-Петербургда Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинети 20 Июнь 2025 11:44
6854dd14306f1 (1).jpeg
6854dd131af4a.jpeg
6854dd1252fc6.jpeg
Алдыга
Артка
6854dd14306f1 (1).jpeg
6854dd131af4a.jpeg
6854dd1252fc6.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода-экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.