Петербург форуму: “Ала-Тоо Резорт” жана “Тамчы” долбоорлору кызыгуу жаратты

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 10:30
720814430_180955365.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызстан алгачкы жолу Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна (ПМЭФ-2026) катышып, өлкөнүн инвестициялык, экспорттук жана экономикалык потенциалын тааныштырды. Бул туралуу Экономика жана коммерция ми нистрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун алкагында гидроэнергетика, айыл чарба, экспортту өнүктүрүү, туризм жана инвестиция тартуу боюнча долбоорлор көрсөтүлдү.

Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун “Ала-Тоо Резорт” тоо-туристтик кластери жана “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы жаратты.

Форумдун жыйынтыгында Кыргызстан соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, илимий-техникалык жана региондор аралык кызматташтыкты камтыган 14 келишимге жана меморандумга кол койду.

Кол коюлган документтердин арасында Саханын (Якутия), Россиянын билим берүү жана бизнес уюмдары, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өнөктөштөрү менен кызматташтык тууралуу макулдашуулар бар.