Санариптик төлөм — жеткиликтүү кызмат: Мамлекеттик алымды эми онлайн төлөсө болот

Президент Загрузка... 23 Март 2026 11:35
beznal.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Бул мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. 

Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук капчык, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан тейлөө ыкмалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. 

Бул чаралар жарандардын сотко, мамлекеттик жана башка органдарга кайрылуу укугун натыйжалуу ишке ашыруусуна өбөлгө түзөт, ошону менен банкта накталай эсептешүү же которуу аркылуу төлөөгө чектөөлөр четтетилет.