Бишкек, 27.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты.
Форум башталар алдында, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана делегация башчылары биргеликте сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң форумдун алкагындагы санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышууга өтүштү.
Көргөзмөдө жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган заманбап санарип долбоорлор тааныштырылды.
Андан соң, делегация башчылары пленардык сессия өтүүчү залга өтүштү. Сөз сүйлөгөн минкаб жетекчиси Адылбек Касымалиев, бүгүнкү күндө технология адам жашоосун тез өзгөртүп жатканын, ал медицинада, биологияда, физикада жана химияда жаңы ачылыштарды жасап, келечек жөнүндөгү түшүнүктү калыптандырып жатканын белгиледи.
"Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорттук активдүүлүгү өлкөнүн ИДПсынын болжол менен бир пайызын түзөрүн белгилеп кетким келет, бул экономиканын жаңы технологиялык пайдубалын калыптандырууну ачык көрсөтүп турат. Биз 2030-жылга чейин технологиялык сектордун өлкөнүн экономикасына кошкон салымы ИДПнын үч пайызына жетүүсүн камсыз кылууну көздөп жатабыз. Урматтуу кесиптештер, жасалма интеллект талаш-тартыш темасы болбой калды. Бул биздин ооруканаларга, мектептерге, мамлекеттик мекемелерге жана өнөр жайларга кирип жатканы чындык. Кыргызстан бул чындыкты моюнга алып, системалуу иш-аракеттерди көрүп жатат. Республикада Жасалма интеллект боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, активдүү иштеп жатат", — деди ал.
Ал ошондой эле биримдиктин алдында заманбап технологияларды колдонууну талап кылган олуттуу милдеттер турганын, алардын арасында суу ресурстары, радиоактивдүү жана уулуу калдыктары бар калдык сактоочу жайлардын мониторинги жана коопсуздук жана башка экологиялык маселелер кирерин билдирди.
"Жасалма интеллект доорунда биздин аймактын элдеринин тилдерин сактап калуу жана өнүктүрүү өзгөчө маселе жана мүмкүнчүлүк болуп саналарын кошумчалайм. Биз кыргыз тилдүү маалыматтардын ачык корпусун түзүүнү, тил моделдерин, машиналык которуу системаларын иштеп чыгууну демилгелеп жатабыз. Мындан тышкары, постсоветтик мейкиндик үчүн санариптик каржы хабын түзүү, аймактагы IT жана жасалма интеллект компаниялары үчүн кредиттик конвейер, жарандар үчүн жалпы инфраструктурага элдик инвестиция сыяктуу бир катар демилгелерди ишке ашырууну карап көрүүнү сунуштайбыз", — деди Адылбек Касымалиев.
Жалпысынан форумдун пленардык сессиясында санариптик майнинг, криптобиржа, киберкоопсуздук, билим берүү жана корпорациялык инновация сыяктуу азыркы учурдун актуалдуу темалары талкууга алынды.
Форумга ошондой эле мамлекеттик органдардын, бизнестин, ири IT-компаниялардын, стартаптардын, эл аралык санарип тармагындагы эксперттердин, коомдук ишмерлердин жана инвесторлордун өкүлдөрү чакырылган.
Форумдун негизги программасы — өнөр жайда, мамлекеттик башкарууда, социалдык кызматтарда жана билим берүү тармагында жасалма интеллект жана санариптик технологияларды ишке ашырууга, тармактар аралык жана аймактар аралык кооперацияны өнүктүрүүгө, улуттук жана евразиялык деңгээлде санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду жана макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган.