Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктарын, анын ичинде "Түндүк" платформасындагы кызматтарды кеңейтүү жана мамлекеттик булуттук инфраструктурасы – G-Cloud’ду ишке киргизүүгө даярдык маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле санариптик компетенциялар боюнча окуу-консультациялык борборун түзүү жана IT хабды өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелер каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар санариптик трансформация жаатында мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдиришти.