Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Чүй облусундагы 30 мектепти жана бала бакчаны экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштер "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.
"Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) ишке ашырып жаткан долбоор 2029-жылга чейин уланат. Анын жалпы бюджети 10 млн долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Долбоор ошондой эле Бишкектеги абанын булганышын азайтуу чараларын жана 2028-2038-жылдарга абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгууну камтыйт. Мындан тышкары, тиешелүү адистерди окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу каралган.