Бүгүнкү күндө технологиянын тездик менен өнүгүшү мамлекеттик жана жеке сектордо документ жүгүртүүнү санарип форматка өткөрүүнү талап кылууда. Электрондук документ алмашуу – бул кагазсыз иш алып баруу ыкмасы болуп, маалыматты тез, коопсуз жана натыйжалуу жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Кыргызстанда мамлекеттик органдар "Инфодокс" тутуму аркылуу документтерди электрондук алмашууга өтүп, бюрократияны кыскартуу жана кызмат көрсөтүүнү ылдамдатуу аракетин көрүп жатышат. Жеке сектор да бул багытта активдүү кадамдарды жасап, ички документ жүгүртүүнү электрондоштурууда.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата жыл башынан бери 3 миң 550 мамлекеттик жана муниципалдык уюм жана 135 коммерциялык уюм аталган тутумга кошулган.
Ал эми системада 27 млн 74 миң 789 документ катталган, колдонуучулардын саны 141 миң 875ти түзгөн. Системада жалпысынан 874 миң 11 документ катталган, алардын ичинен:
- ички документтер – 56 миң 511;
- келген документтер – 516 миң 599;
- кеткен документтер – 300 миң 901.
Жалпак тил менен түшүндүргөндө бир тонна кагазды өндүрүү үчүн орто эсеп менен 20дай дарак талап кылынат. Былтыр мамлекеттик органдар электрондук кат алышууга өтүү менен 10 миң даракты сактап калды десек болот. Электрондук документ жүгүртүү системасынан 30-июнга карата 27 млн кат жөнөтүлгөн. Эгер мунун баары кагазга басылып чыгарылганда 100 миң таңгак талап кылынмак. Аны таразага салганда бери дегенде 500 тонна чыгат.
Ал эми бир тонна кагаз чыгарууга 20дай дарак кыйылышы керек экендигин эске алганда, электрондук документ жүгүртүү менен эле Кыргызстан экологияга зор салымын кошкон.
Финансылык пайдасына саресеп
Бюджеттин 1 млрд 205 млн сому үнөмдөдү. Күнүнө "Инфодокс" аркылуу 53 миң документ катталып турат. Орто эсеп менен алганда бир кат беш беттен турат. Ошондо күнүнө 265 миң барак, же 530 таңгак коротулмак.

Электрондоштуруунун дагы бир пайдасы убакыттын үнөмдөлүшү. Өткөн жылы "Инфодокстун" жардамы менен мамлекеттик органдар 3 млн 69 миң саат үнөмдөшкөн.
Катты басып чыгарып, ага кол койдуруп, аны жеткирип келген убакыттын ордуна башка зарыл жумушту бүтүрүүгө болот. Ошентип азыр айына мамлекеттик бюджеттен 100 млн сомдон үнөмдөлүп жатат.
Муну мамлекеттик бир органдын мисалында талдап көрсөк. Алсак, кат алмашуу электрондоштурулгандан бери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иш кыйла ыкчам жүрүп, чечим кабыл алуу тездеген.
Транспорт министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Кыргызстанда электрондук документ алмашуу системасынын киргизилиши мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн олуттуу түрдө ыкчамдатып жатканын белгиледи.
"Мурун кат алмашуу ар бир органдан, ведомстволордон биринен-бирине жеткиче көп убакытты талап кылчу. Бүгүнкү күндө бир баскычтын жардамында санариптик кол тамганы коюу менен эле дароо ошол замат башка министрликке келип түшөт. Муну менен кат алмашуунун, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу абдан жогорулады. Буга чейин жыйындарда болобу же болбосо өлкө ичиндеги иш сапарларда болгондо жоопкерчиликтүү жетекчи тарабынан кат алмашуу, кол коюу процесси токтоп калчу. Азыр мындай жагдай жок. Жетекчилик кайсыл жакта болбосун, каттар менен таанышып, кол тамганы коюп, бир да структуралык бөлүмдүн ишине жолтоо болбой, өзүнүн абдан жакшы натыйжасын көрсөтүп жатат",-деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, учурда санариптештирүү бир гана кат алмашууда эмес, жалпы мамлекеттик башкарууда жайылтылууда. Бүгүнкү күндө "Түндүк" тиркемесинен жарандар мамлекеттик 178 кызматты онлайн ала алат. Алты айда эле мындай мүмкүнчүлүктү жарым миллиондон ашык адам пайдаланып, аралыктан 34 млн кызмат көрсөтүлдү. Үнөмдөлгөн каражат эки жарым миллиардга чукулдайт.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазган билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда электрондук документ жүгүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлгөн.
Анын айтымында, президенттин пдминистрациясы жана мамлекеттик органдар кагаздын ордуна электрондук документ жүгүртүүгө өтүштү. Бул чечимдерди кабыл алууда тез, ыңгайлуу жана экологияга зыянсыз. Мурун документтер үчүн тонналаган кагаздар керектелчү.

"Азыр электрондук документ менен иштеп жатабыз. Бул кагазга караганда ар бир документке 30 мүнөткө чейин убакыт үнөмдөйт жана чыгымдарды 90%га кыскартат. 2024-жылдын өзүндө эле мамлекет электрондук документ жүргүзүүдөн 1 млрд 205 млн сомдон ашык үнөмдөгөн.
Электрондук документ жүргүзүүнүн дагы бир артыкчылыгы - жетекчилик тараптан көзөмөл күчөйт. Ким жумушту кечиктирип жатат, ким документти кармап турат - баары системада көрүнүп турат. Мурдагыдай документтер папкага салынып, айлап столдун үстүндө кала бербейт, бюрократия да азаят",-дейт ал.