Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бишкекте жасалма интеллект боюнча “ШКУ мейкиндигиндеги жасалма интеллект: ишеним жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы форум өтүүдө.
Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлеринин 5-жыйынынын алкагында өтүп, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов форумда Кыргызстан санариптик технологиялар жана жасалма интеллект чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкка ачык экендигин белгиледи.
Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
- биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү
- технологиялар жана тажрыйбалар менен алмашуу
- глобалдык AI-экосистемасына катышуу.
Белгиленгендей, форум жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн жана колдонуунун практикалык аспектилерин талкуулоо үчүн эксперттик жана диалогдук аянтча катары кызмат кылат.
ШКУга мүчө мамлекеттердин жасалма интеллектти колдонуудагы мыкты тажрыйбаларын карап чыгуу, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланууда.
Учурдун актуалдуу маселелери талкууланган форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин ИКТ чөйрөсүндөгү министрлери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери, байкоочу мамлекеттердин, өнөктөштөрдүн, эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер катышууда