Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бишкекте өткөн жасалма интеллект боюнча форумда инновациялар үчүн жогорку өндүрүмдүү чөйрө — Kyrgyzstan AI Supercluster долбоору ишке кирип жатканын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов маалымдады.
Анын айтымында, мында өзгөчө көңүл — өзүбүздүн көп тилдүү моделибизди (Kyrgyz Multilingual Foundation Model) иштеп чыгууга бурулат.
“Жасалма интеллект кыргыз тилин түшүнүп, биздин маданиятыбызды жана каада-салтыбызды билиши керек. “AI in Every Sector” программасы медицинаны, билим берүүнү жана айыл чарбасын камтыйт. Бирок, инновацияларды киргизүү менен бирге биз жоопкерчиликти да унутпайбыз. Технологиялар ишенимдүү жана ачык болуп, адамзаттын кызыкчылыгына иштеши үчүн биз ЖИ этикасы жана сертификациялоо борборун түзүп жатабыз. Кыргызстанды глобалдык AI-экосистемасына интеграциялоо үчүн дүйнөлүк технологиялык лидерлер менен өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүдөбүз”, - деди ал.
Жыйынтыгында бул аракеттердин баары мамлекеттик сервистердин “акылдуу” болушуна багытталганын министр маалымдады.
“Биз ар бир жаран үчүн жеке жардамчы боло турган AI-ассистенттерди киргизүүгө даярданып жатабыз. Санариптик профиль, платформалык архитектура жана API-технологиялар мамлекеттин байкалбай, бирок зарыл болгон жерде ар дайым катышуусуна мүмкүндүк берет. Биз маалымкат сурабаган, тескерисинче, маселелерди чечкен интеллектуалдык өкмөттү куруп жатабыз. Жасалма интеллект башкаруунун жаңы архитектурасын калыптандырууда. Биздин жалпы милдетибиз — инновациялар менен коопсуздуктун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо менен бул технологияларды коомдун жыргалчылыгына багыттоо”, - деп белгиледи Жамангулов.
Сөзүнүн жыйынтыгында Кыргызстан кеңири эл аралык кызматташтык үчүн ачык экендигин билдирип, өнөктөштүккө чакырды.