Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Кыргызстан үчүн санариптик трансформация - бул жөн гана технологиялык жаңылануу эмес, маалыматтарга, алдыңкы технологияларга жана жарандарыбыздын ишенимине негизделген мамлекеттик башкаруунун жаңы моделинин негизи. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Бишкекте өткөн “ШКУ мейкиндигиндеги жасалма интеллект: ишеним жана туруктуу өнүгүү” форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, КР Санариптик кодексинин кабыл алынышы бул багыттагы тарыхый кадам болгон.
“Санариптик кодекс биздин санариптик мамлекетибиздин бүтүндөй архитектурасы курула турган пайдубал болуп калды. Акыркы жылдары биз базалык инфраструктураны түзүүдө чоң жолду басып өттүк. Алсак, “Түндүк” мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы биздин сыймыгыбыз. Бүгүнкү күндө бул — система аркылуу миллиарддаган транзакциялар жүргүзүлүп, жүздөгөн катышуучулар колдоно алышат”, - деп баса белгиледи Жамангулов.
Министр санариптештирүү — экономикалык өсүштүн негизин түзүп, эбегейсиз натыйжалар болуп жатканын маалымдады. Мында үнөмдөлгөн убакыттарды жана бюрократиялык тоскоолдуктарга, кагаз иштерине коротулган миллиарддаган сомдорду атасак болот.
“Бизнес үчүн — санариптештирүү бул ылдамдык жана чыгымдарды азайтуу. Калк үчүн — ыңгайлуулук жана жеке убакытты үнөмдөө. Кыргызстандагы санариптештирүү бюрократияга кызмат кылуу үчүн эмес, өнүгүү үчүн ресурстарды бошотуп, жалпы улуттук экономикалык натыйжалуулукту жогорулатуунун реалдуу куралы болуп калды”, - деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлеринин 5-жыйынынын алкагында “ШКУ мейкиндигиндеги жасалма интеллект: ишеним жана туруктуу өнүгүү” аталган форуму өттү.