Санариптештирүү: Видео көзөмөл орнотулгандан кийин кылмыштардын саны кыскарды

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 13:25
1074095680_92_99_1961_1150_1920x0_80_0_0_ff12cb41ad125fcada9f773f70e6b845.jpg.webp
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Видео байкоо системалары орнотулгандан кийин кылмыштардын саны кыскарды. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, өлкөнүн Ички иштер министрлиги масштабдуу санариптик трансформациядан өттү.

"Өлкөнүн бардык аймактарында сутка бою мониторинг жүргүзгөн заманбап видео байкоо системалары орнотулду жана дагы улантылып жатат. Анын натыйжасында катталган кылмыштардын саны 73%га кыскарды. Камералар орнотулган коомдук жайларда оор мыйзам бузуулар 68%га азайды.
Биздин күчтүү мамлекет курабыз деген билдирүүлөрүбүз куру сөз катары кабыл алынбашы керек. Бул — чек араны коргой билүү, адилеттүүлүктү камсыз кылуу, кылмышкерлерди жазасыз калтырбоо жана ошол эле маалда ар бир жарандын коопсуздугуна кепилдик берүү жөндөмдүүлүгү", — деп кошумчалады мамлекет башчысы.