Самбо боюнча курама команда Москвада өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Спорт Загрузка... 19 Март 2025 16:58
705c6152dacc94e2a8c9b574ba2f6ef3.jpg
copyright icon www

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 23-26-март күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- 64 кг Дастан Исаков, Белек Бараканов;
- 79 кг Байэл Жакшылыков;
- 71 кг Кубаныч Адилет уулу;
- 88 кг Фарух Мамаджанов;

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жетекчилиги алдында мелдешке катышат.