Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) башкы директору Санг Хёп Ким менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн "Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өнүгүү үчүн консолидация" аттуу эл аралык конференциянын алкагында өттү.
Жолугушууда таза энергия, туруктуу айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү жана экологиялык транспорт сыяктуу негизги тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Парник газдарынын чыгарылышын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү, ошондой эле көмүртекти жөнгө салуу механизмдерин өздөштүрүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду, бул климаттык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана "жашыл" экономикага кошумча инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.
Тараптар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн "жашыл" күн тартибинин стратегиялык маанисин баса белгилешти жана экологиялык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы этабы катары Кыргызстанда GGGI өлкөлүк кеңсесинин ачылышын белгилешти. Бул өлкөнүн экологиялык жана экономикалык жактан өсүп-өнүгүсү, мындан аркы демилгелер үчүн негиз болот деп күтүлүүдө.
Министр маектешине менен кызматташуу углеродду азайтуу жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу маанилүү экенин белгиледи.
Тараптар келечектеги кызматташтыкты, тажрыйба алмашууну жана биргелешкен экологиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоого даяр экенин билдиришти.