Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кызматкерлери үчүн Эмгек кодексиндеги акыркы өзгөртүүлөр боюнча семинар уюштурду. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Семинарга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын, ошондой эле республикалык профсоюз комитетинин өкүлдөрү катышты.
Эксперттер эмгек мамилелеринин бир катар негизги аспектилерине тиешелүү мыйзамдардагы жаңылануулар боюнча кеңири түшүндүрүп беришти, анын ичинде:
- Кызматкерлердин укуктары жана милдеттери – эмгек өргүүлөргө, компенсацияларга жана эмгек келишимдерин түзүү тартибине тиешелүү өзгөртүүлөр.
- Эмгек шарттары жана коопсуздук – ыңгайлуу иш чөйрөсүн түзүүгө жана эмгекти коргоо чараларын күчөтүүгө багытталган жаңы ченемдер.
- Социалдык камсыздоо – пенсиялык жана камсыздандыруу чегерүүлөрүндөгү өзгөрүүлөр, ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыз кызматкерлерди колдоо механизмдери.
- Эмгек талаш-тартыштарын чечүү – жумуш берүүчү менен чыр-чатактар болгон учурда кызматкерлердин укуктарын коргоонун жаңы жол-жоболору.
Теориялык бөлүктөн сырткары, катышуучулардын эксперттерге суроолорду берүүгө жана кесиптик ишмердүүлүктө пайда болгон реалдуу кырдаалдарды талдоого мүмкүнчүлүгү болду.
Салык кызматы кызматкерлер мыйзамдагы өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп, эмгек мыйзамдарынын алкагындагы өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн мындай окуу семинарларын мындан ары да өткөрүүнү пландаштырууда.