Жаңы жылда кыргызстандыктар 7 күн катары менен эс алышат

Коом
Жаңы жылда кыргызстандыктар 7 күн катары менен эс алышат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. 2027-жылды кыргызстандыктар эс алуу менен тосуп алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда 2027-жылдын январында катары менен 7 күн эс алуу күнү деп белгиленди. Ага ылайык, эс алуу күндөрү 1-январдан 7-январга чейин созулат.

Январдагы биринчи жумуш күнү 8-январга туура келет.