Жаңы Эмгек кодекси Борбор Азиядагы эң прогрессивдүү болуп саналат - Сабиров

Коом 843 10 Апрель 2025 09:45
487412221_1106789391490733_3199714761076148159_n.jpg
486207150_1106791448157194_3776078509334700024_n.jpg
486373745_1106789901490682_8606608572502306792_n.jpg
487214688_1106790021490670_1073484066614334707_n.jpg
487761297_1106790171490655_4707008609677567005_n.jpg
488549937_1106790144823991_6367139140469777115_n.jpg
488955216_1106789984824007_2930429516843465253_n.jpg
489010709_1106789548157384_4523293811932395060_n.jpg
490157788_1106790001490672_8091745187234584834_n.jpg
490169817_1106790358157303_5745214634578552932_n.jpg
490179096_1106790108157328_6644346145943380579_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Жаңы Эмгек кодекси Борбор Азиядагы эң прогрессивдүү болуп саналат, - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган отурумга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Монголиянын, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эмгек министрлигинин жетекчиси Борбор Азиядагы эмгек мамилелери, социалдык коргоо жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда татыктуу эмгек, адилеттүү эмгек акы, коопсуз иш шарттары жана бардык категориядагы кызматкерлер үчүн социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу милдети турат", - деп белгиледи Сабиров.

Ал ошондой эле кеңеш эмгек стандарттарын, эмгекти коргоо жана аны ченемдөө деңгээлин жогорулатууда маанилүү диалог экендигин баса белгиледи.

"Эски кесиптер кетип жатат, жаңылары пайда болууда. Салттуу жумуштуулуктун көлөмү кыскарууда, бул анын жаңы формаларынын пайда болушуна алып келет. Мисалы, Кыргызстандын жаңы Эмгек кодексинде дал ушул жаңылыктар киргизилген: аралыктан иштөө, электрондук эмгек китепчелери, электрондук келишим", - деди эмгек министри.