Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда инвесторлордун көйгөйлөрүн талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун иштеп чыгуу үчүн президенттин алдындагы кеңеш түзүү пландалууда. Кеңеш бизнес өкүлдөрү менен квартал сайын жолугушуп турат. Бул тууралуу бүгүн "Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес – ачык диалог" форумунун алкагында журналисттерге берген маегинде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, форумдун алдында агенттик ишкерлер менен бир нече жолугушуу өткөрүп, анда соттук талаш-тартыштарга, жер мамилелерине жана ишкердик ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратууга байланыштуу 70тен ашык маселе көтөрүлгөн.
Сабиров 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров чыныгы инвесторлорго көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик органдардын алардын ишине негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөө тапшырмасын бергенин эске салды.
"Аймактарга, инвестициялык келишимдерди жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Эгерде инвестор долбоорду ишке ашырууга чындап кызыкдар болсо, мамлекеттик органдар ага зарыл болгон көмөктү көрсөтүшү керек", - деди агенттиктин башчысы.
Ал ишкерлердин кайрылуулары менен иштөөнү системалаштыруу максатында "Инвестициялардын АМС" аталышындагы санариптик платформа иштелип чыкканын кошумчалады. Мындан тышкары, аймактарда инвестициялык багыт боюнча жооптуу адамдар – район башчыларынын, губернаторлордун жана министрлердин орун басарлары аныкталган.
"Инвесторлордун жана ишкерлердин укуктарын коргоого, алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды болтурбоого багытталган өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү механизмин сот органдары, прокуратура жана укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп чыгабыз", – деп белгиледи Сабиров.
Анын айтымында, Кыргызстанда өлкөнүн республикалык бюджетине олуттуу салым кошкон 100 миңден ашык ишкер бар. Чечүүнү талап кылган негизги маселелердин катарына соттук талаш-тартыштар, жеке менчикти коргоо, жер маселелери жана инвестициялардын кепилдиктери кирет.