Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Автоматташтырылган системаны ишке киргизүүнүн биринчи күнүндө "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалында 300дөн ашык адам салык карызынын жоктугу тууралуу маалымкатты көрсөтпөстөн кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү тариздей алышты.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 24-февралынан тартып Мамлекеттик салык кызматы менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн алкагында иштөө принциби өзгөрдү.
Салык кызматы менен кыймылсыз мүлктү каттоо органынын ("Кадастр" мамлекеттик мекемеси) маалымат системаларын интеграциялоонун аркасында жогоруда көрсөтүлгөн күндөн тартып жарандар мүлк салыгы боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкат алуу үчүн салык органдарына кайрылышпайт.
Эми салык карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымат автоматтык түрдө "Кадастрда" жеткиликтүү болот. Карызы болгон учурда, кыймылсыз мүлктүн сатуучулары анын суммасы жана онлайн төлөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу дароо маалымат алышат. Бул үчүн каттоо органынын кызматкерлери салык төлөөчүгө төлөм кодун беришет, ал автоматтык түрдө түзүлөт. Карызды Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу, салык төлөөчүнүн жеке кабинети жана мобилдик банкинг же банктын филиалдары аркылуу төлөөгө болот. Карызды төлөгөндөн кийин, бүтүмдү дароо тариздөөгө болот.
Эки ведомствонун ортосунда маалыматтарды алмашуунун иштелип чыккан системасы аркылуу карыздарды төлөө жөнүндө маалыматтарды салык органдарына өткөрүп берүү процесси мурда 2 күнгө созулса, эми 20 мүнөттөн ашык эмес убакытты алат.
Эскерте кетсек, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүм учурундагы салык карызынын жоктугу тууралуу милдеттүү маалымкатты жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.