Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүн мыкты уюмдарды "Жоопкерчиликтүү бол!" аттуу эркектердин ден соолугу айлыгына катышкандыгы үчүн сыйлады.
Нарын облусунун үй-бүлөлүк медицина борбору иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды. Айта кетсек, акцияга бейтапканаларда катталган эркектердин 85%ы катышкан.
Нарын облусунун Жумгал районунун жалпы дарыгерлик практика борбору экинчи орунду ээледи. Аларга 150 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.
Үчүнчү орунду алган Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жалпы дарыгерлик практика борборуна 100 миң сом берилди.
"Жоопкерчиликтүү бол!" акциясы 1-февралдан 28-февралга чейин өткөн. Акциянын алкагында жүрөк-кан тамыр ооруларына жана кант диабетине скрининг жасалган.
Долбоордун координатору Толкун Жаманбаева быйыл акцияга 18 жаштан жогорку курактагы эркектер башка жылдарга салыштырмалуу көп тартылганын белгиледи.