Бишкек,14.03.25./Кабар/. Күн мурун Саламаттык сактоо министрлигинде КР президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократизмди жоюу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кеңешме өттү.
Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүлгөн кызматтарды бюрократизмден арылтуу боюнча масштабдуу иштерди баштады.
Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Манас Токтомуратов, министрдин кеңешчиси Элнура Боронбаева, Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун директору, жумушчу топтун жетекчиси Аязбек Жаркынбаев, саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк башкармалыктарынын жетекчилери, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин алкагында үч негизги багыт боюнча иш-аракеттерди талдоо жана оптималдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү: бизнес менен иштөөдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар, калкты тейлөөдөгү бюрократия жана министрликтин ичиндеги бюрократия.
Бюрократизмди жоюу боюнча иштер медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ашыкча процедураларды кыскартууга жана жарандардын саламаттыкты сактоо системасы менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.