Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрдык резерви бекемделүүдө

Коом Загрузка... 10 Март 2025 11:15
salamattykty-1077x630.png
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жогорку квалификациялуу кадрдык курамын түзүү боюнча активдүү ишин улантууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, кадрдык саясатты реформалоонун алкагында туруктуу жана натыйжалуу жетекчилик кадрларды даярдоо жана тандоо тутуму киргизилип, ошондой эле сынак аркылуу тандоого жана дайындоого укук алган адамдар менен кадрдык резерв толукталууда.

Ошентип, февраль айында саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо боюнча биринчи конкурстун жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Чүй облусунун Сокулук Жалпы дарыгерлик практика (ЖДПБ) борборлорунун, Ысык-Көл райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Чүй облусунун Арашан ЖДПБсынын жана Жалал-Абад облусунун Токтогул ЖДПБсынын директорлору дайындалды.

Маалымат үчүн: Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер белгиленген талаптарга жооп бериши керек: жогорку кесиптик билими болушу (медициналык, экономикалык же мамлекеттик башкаруу тармагында), саламаттык сактоо тутумунда кеминде беш жылдык тажрыйбасы, анын ичинде кеминде үч жыл жетекчилик кызматтарда эмгектениши талап кылынат. Кадрдык резервге саламаттык сактоо уюмдарынын учурдагы жетекчилери, жетекчинин орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жетиштүү башкаруучулук тажрыйбасы бар дарыгерлер кабыл алынат.

Талапкерлер hm.med.kg платформасында өз алдынча каттоодон өтүп, жеке маалыматтарын толтурушат. Кадрдык резервге киргизүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде, Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун сунушу боюнча жүргүзүлөт. Эгерде талапкер талаптарга жооп бербесе, ага кабыл алынбаганынын себеби түшүндүрүлгөн билдирүү жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, кадрдык резервге киргизүү жетекчилик кызматка дайындоо жана конкурска катышуу укугун автоматтык түрдө бербейт. Мындай укук алуу үчүн талапкерлер баштапкы же жыйынтыктоочу аттестациядан өтүүгө милдеттүү. Баштапкы аттестация өз алдынча тестке даярдык көрүүнү, ал эми жыйынтыктоочу аттестация "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасынан өткөндөн кийин өткөрүлөт.

Тестирлөөнүн жыйынтыктары кадрдык резервдин катышуучуларынын рейтингин аныктап, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо процессинде эске алынат.

Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо тутумун натыйжалуу башкаруу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү жана кесипкөй кадрларды тартууга багытталган, ошондой эле эң мыкты адистерди тандоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат.