Саламаттык сактоо министринин 3 жаңы орун басары дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 15 Декабрь 2025 11:48
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, ал эми Бакытбек Кадыралиев менен Рыспек Сыдыгалиев министрдин орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы дайындалган орун басарларды министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда ал жаңыланган башкаруучу команданы түзүү президенттин тапшырмаларына ылайык, саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууга багытталганын белгиледи.

Өз кезегинде саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, команда алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга толук даяр экенин баса белгиледи.