Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы 8-октябрда Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышты.
Саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта болгон мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Андан соң Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды.
9-октябрда президент КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышып, 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө лидерлери 13 документ кабыл алышты.
Иш сапар аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Бишкекке кайтып келди.