Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Президент 1978 11 Апрель 2025 15:20
489869846_1201268575341108_3936295646867976531_n.jpg
490515221_1201268548674444_4864878136168553699_n.jpg
489896193_1201268708674428_8840712774114317850_n.jpg
490018289_1201268692007763_3612999509877193575_n.jpg
490401429_1201268655341100_8951498663205470663_n.jpg
490467298_1201268568674442_3936075376917650034_n.jpg
489862614_1201268572007775_1089760370447020324_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти – Коопсуздук кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун, ошондой эле КР өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген, КР Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштарды киргизүү жөнүндө айрым маселелер каралды.

Мамлекет башчысы айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин улуттук коопсуздуктун кээ бир маселелери боюнча мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруусу боюнча маалыматтарын укту.

Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар жетекчилерге иштерин активдештирүүгө жана улуттук коопсуздук үчүн тобокелдиктерди жана коркунучтарды жоюу боюнча өз учурундагы чараларды көрүүгө тиешелүү тапшырмалар берилди.