Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент 878 19 Май 2026 08:00
photo_5215653382431906184_w (1).jpg
photo_5215653382431906179_w.jpg
photo_5215653382431906180_w.jpg
photo_5215653382431906181_w.jpg
photo_5215653382431906182_w.jpg
photo_5215653382431906183_w.jpg
photo_5215653382431906184_w.jpg
photo_5215653382431906185_w.jpg
photo_5215653382431906186_w.jpg
photo_5215653382431906187_w.jpg
photo_5215653382431906197_y.jpg
photo_5215653382431906196_y.jpg
photo_5215653382431906195_w.jpg
photo_5215653382431906194_w.jpg
photo_5215653382431906193_w.jpg
photo_5215653382431906192_w.jpg
photo_5215653382431906191_w.jpg
photo_5215653382431906190_w.jpg
photo_5215653382431906189_w.jpg
photo_5215653382431906188_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5215653382431906184_w (1).jpg
photo_5215653382431906179_w.jpg
photo_5215653382431906180_w.jpg
photo_5215653382431906181_w.jpg
photo_5215653382431906182_w.jpg
photo_5215653382431906183_w.jpg
photo_5215653382431906184_w.jpg
photo_5215653382431906185_w.jpg
photo_5215653382431906186_w.jpg
photo_5215653382431906187_w.jpg
photo_5215653382431906197_y.jpg
photo_5215653382431906196_y.jpg
photo_5215653382431906195_w.jpg
photo_5215653382431906194_w.jpg
photo_5215653382431906193_w.jpg
photo_5215653382431906192_w.jpg
photo_5215653382431906191_w.jpg
photo_5215653382431906190_w.jpg
photo_5215653382431906189_w.jpg
photo_5215653382431906188_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 17-18-майда Азербайжанга болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына (WUF13) катышты.

Иш-чарага ошондой эле 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылар, жогорку даражалуу адамдар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө басым жасады.

Бул контекстте президент сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, калдыктарды экологиялык жактан таза чогултуу системасын түзүү жана жаратылыш ландшафттарынын булганышын алдын алуу сыяктуу стратегиялык багыттарга токтолду.

Президент Бишкектин бул жааттагы олуттуу тажрыйбасына токтолуп, өткөн жылдын аягында Борбор Азиядагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү биринчи эко-технологиялык заводдун ачылышы болгонун белгиледи.

Мамлекет башчысы форумдун катышуучуларын WUF13 алкагында өтүп жаткан Urban Expo көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын көргөзмө павильонунда бул долбоор менен кененирек таанышууга чакырды.

Мындан тышкары, форумдун алкагында президент Садыр Жапаров менен Маврикийдин президенти Дхарамбир Гокхулдун сүйлөшүүлөрү болду.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү алдыга жылдыруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын айтты.

Өз кезегинде Дхарамбир Гокхул эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, эл аралык аренада чакан мамлекеттердин ортосундагы өз ара колдоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Азербайжанга болгон иш сапарын аяктаган соң, президент Садыр Жапаров 19-майда Чолпон-Ата шаарына кайтты.