Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент 1413 05 Июль 2025 09:00
515585972_1274554008012564_8424818247405078216_n (1).jpg
515313224_1274554088012556_7956920079423076297_n.jpg
515341443_1274554328012532_2500060158878941744_n.jpg
515593294_1274554018012563_8810144827672438446_n.jpg
516327849_1274553808012584_843829463942977228_n.jpg
515327725_1274554384679193_8524820395882894924_n.jpg
515396849_1274553594679272_1406984151673224032_n.jpg
515505925_1274553951345903_8920694790132465896_n.jpg
516264332_1274554214679210_114306261586985396_n.jpg
515499210_1274554108012554_8566670822394058973_n.jpg
515979389_1274553941345904_2173562637122072022_n.jpg
516138674_1274553788012586_1316803294251699568_n.jpg
515321195_1274554291345869_3944862250630039337_n.jpg
515496418_1274554418012523_1183448072062616876_n.jpg
516083802_1274554168012548_5642124586247029572_n.jpg
516102502_1274553664679265_4915848265725976007_n.jpg
516071653_1274553608012604_7211548215958636288_n.jpg
515427580_1274553744679257_893262317446134666_n.jpg
515495024_1274554191345879_3927446991085341885_n.jpg
515155865_1274554241345874_6724485558497629038_n.jpg
515707775_1274554131345885_3677106887474635637_n.jpg
515641159_1274553704679261_6464108361097587900_n.jpg
515585972_1274554008012564_8424818247405078216_n.jpg
515677690_1274554051345893_3673436631872167106_n.jpg
515920369_1274553524679279_3718993555439558355_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.07.25./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 3-4-июлда болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы жана президент Ильхам Алиев Агдам районунун Хыдырлы айылындагы «Айкөл Манас» орто мектебинин ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алдында президенттер Хыдырлы айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, көчүрүлгөн эки миң адам үчүн курулган жаңы үйлөрдү көрүп, жаңы конуш ээлерине ачкычтарды тапшырышты.

Андан соң Садыр Жапаров Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах жылкыларынын «Жеңиш» шоу-программасына катышты.

Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана жылкычылыгынын байыркы каада-салттарын чагылдырган карабах тукумундагы аргымактардын оюндары көрсөтүлдү.

Президент сапарынын экинчи күнүндө Ханкенди шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинде сөз сүйлөдү.

Саммиттин темасы: «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун жаңы көз карашы» деп аталды.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берет жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү зарылдыгын ырастайт деп белгиледи.

Мамлекет башчысы экономикалык өнүгүү менен климаттын өзгөрүшүнүн ортосундагы ажырагыс байланышты белгилеп, бул эки фактор бири-бирине түздөн-түз таасир этерин баса көрсөттү.

Бүгүнкү климаттык шарттарга адаптациялоо максатында президент энергиянын кайра жаралуучу булактарын иштеп чыгууга, энергия натыйжалуулукту жогорулатууга, айыл чарба жана өнөр жай тармактарда акылдуу инфраструктураны түзүүгө күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Ал Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында конструктивдүү диалогго жана координацияланган иш алып барууга даяр экендигин баса белгилеп, жолугушууда айтылган демилгелер жалпы жыргалчылык үчүн ишке ашырылат деген үмүтүн билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чарага Азербайжан, Афганистан, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты.

Иш сапарын аяктап, 4-июлда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна кайтып келди.