Садыр Жапаровдун Астанага болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент 1439 18 Июнь 2025 00:35
508555750_1259.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
509284352_1259650369502928_431961109995175128_n.jpg
508653658_1259651142836184_9111178395203755984_n.jpg
508671614_1259651126169519_7015462810190859559_n.jpg
508386108_1259651046169527_3058298495826615924_n.jpg
509258538_1259651019502863_410786648024388775_n.jpg
509008174_1259650989502866_7909803339808408041_n.jpg
508767219_1259650936169538_5370133477527839910_n.jpg
507056563_1259650906169541_800319126448154000_n.jpg
508705245_1259650872836211_6020819287329771451_n.jpg
509344800_1259650676169564_5692478795112769678_n.jpg
509082528_1259650779502887_8310590885680178071_n.jpg
509163037_1259650799502885_8765307268876876750_n.jpg
509427311_1259650752836223_1043283657138878183_n.jpg
508643463_1259650679502897_6914605731588289148_n.jpg
508649092_1259650546169577_4964211430047671879_n.jpg
509181523_1259650666169565_3087559819374714872_n.jpg
509170094_1259651169502848_4897062096649316816_n.jpg
508196886_1259650512836247_2251863811683851189_n.jpg
507134235_1259650529502912_3197429964930630561_n.jpg
508565553_1259650372836261_748680435569480046_n.jpg
508708572_1259650409502924_2020912370859254775_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек 18.06.2025 /Кабар/. 17-июнда президент Садыр Жапаровдун Казакстандын Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуусу аяктады.

Алгач президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Андан соң мамлекет башчысы Эгемендүүлүк сарайында “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышты.

Ал өз сөзүндө биргелешкен күч-аракеттердин аркасында достукту жана ынак коңшулаштыкты чыңдоо, стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча чоң жол басып өтүлгөнүн өзгөчө белгиледи.

Президент Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн алты негизги багытын белгиледи: транспорт жана транзиттик байланыш, энергетика, каржы жана электрондук коммерция, билим берүү жана илим, туризм, ошондой эле коопсуздук чөйрөлөрү.

Андан ары саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды, анын ичинде:

- Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим;
- “Борбор Азия – Кытай” Экинчи саммитинин Астана декларациясы жана башкалар.

Мындан тышкары, “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитинин алкагында алты мамлекеттин башчылары видеоконференц-байланыш аркылуу жаңы кызматташтык борборлорунун ачылыш аземине биргеликте катышышты.

Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” саммитине катышууну аяктаган президент Садыр Жапаров 17-июнда Бишкекке кайтып келди.