Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Нарын облусуна барат

Президент Загрузка... 08 Сентябрь 2025 10:42
thumbs_b_c_cf6a45a5ece485c160dc4e33e5cd39ef.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда жумушчу сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө президент «Нарын» аэропортун оффлайн жана «Казарман» аэропортун онлайн режимде ачат, ошондой эле Нарын шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушу жана жол салуу иштери менен таанышат.