Садыр Жапаров ЖККУ Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды

Президент 1476 28 Май 2025 17:40
500985283_1242713904529908_6296916340564642493_n.jpg
502482847_1242713654529933_3068390329299292906_n (1).jpg
501509212_1242713881196577_7885806420260763546_n.jpg
501069075_1242713871196578_6470429036243941834_n.jpg
501076136_1242713764529922_8080271142252722047_n.jpg
501529897_1242713754529923_874968879343741891_n.jpg
501312938_1242713744529924_7281694855330630598_n.jpg
502435778_1242713657863266_508818626665080360_n.jpg
501024856_1242713661196599_4950512598820812516_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан аймактык коопсуздукту жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар кандай демилгелерди активдүү илгерилетип жатканын баса белгиледи.

Ал мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкка чоң маани берилерин жана өзүнүн приоритеттеринин алкагында жамааттык коопсуздукту бекемдөөгө, өз ара жардам берүү механизмдерин өнүктүрүүгө, ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууга күч-аракеттер жумшалаарына басым жасады.

Президент Кыргыз Республикасы уюмдун алкагында кеңейтилген өз ара аракеттенүү, ошондой эле эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу духу боюнча жакын уюмдар менен терең кызматташуу идеясын дайыма колдоп келе жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ЖККУ Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги отурумунда тараптар Уюмдун жоопкерчилигиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштаганына ишеним билдирди.

Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу заманбап коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле тыгыз маалымат алмашууну жана аракеттерди координациялоону жолго коюу зарылдыгын белгилешти. Алар Кыргызстандын Уюмда ийгиликтүү төрагалыгын белгилешти.

Мындан тышкары, ЖККУнун укуктук базасын өркүндөтүүнүн жана аскердик-техникалык кызматташтыкты чыңдоонун, анын ичинде аскер кызматчыларын окутуунун жана кайра даярдоонун биргелешкен программалары аркылуу бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров айтылган сунуштары үчүн баарына ыраазычылык айтып, бул идеялар Уюмду мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди.