Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды

Президент 1596 19 Июнь 2025 14:00
509437984_1260904182710880_4179825673482204919_n.jpg
507991499_1260903932710905_2114271880967912181_n.jpg
509414330_1260903979377567_4566806970617691486_n.jpg
508491693_1260904152710883_1690706300199978788_n.jpg
509265591_1260903986044233_3644913713825956820_n.jpg
509328428_1260904069377558_8356042392623069792_n.jpg
508401798_1260904062710892_4585442043003313820_n.jpg
508752821_1260904162710882_3484605602969679440_n.jpg
508983959_1260903936044238_4810094456193068423_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июнда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары жана “Борбор Азия – Россия” форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчы азыркы эл аралык күн тартиби татаал жана көп кырдуу тенденциялар менен мүнөздөлөрүн баса белгиледи. Бул өңүттө Афганистандагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү.

Садыр Жапаров күч-аракеттерди координациялоо жөнүндө айтып жатып, терроризм – бул ага каршы күрөштө жамааттык аракеттерди жана стандарттуу эмес ыкмаларды талап кылган коркунуч экенин белгиледи. Ошондой эле экстремисттик идеологиялардын жайылышы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгү менен күрөшүү зарыл.

"Учурдагы кырдаалга кылдат жана сергек баа берүү жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу чараларын көрүү маанилүү. Коопсуздук маселелерин натыйжалуу, комплекстүү жана системалуу чечүү биздин өлкөлөрдүн калкынын жашоо сапатынын өсүшүнө оң таасирин тийгизери талашсыз", - деди Президент.

Коопсуздук кеңештеринин катчылары өз кезегинде терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу замандын коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Соңунда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештеринин катчыларына жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.