Садыр Жапаров ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды

Президент 1234 19 Май 2025 13:20
499779069_1235310751936890_8360026872927943443_n.jpg
499606666_1235310961936869_1080313779524061315_n.jpg
499152987_1235310728603559_5760817854390738441_n.jpg
499261570_1235310958603536_2540380457207502421_n.jpg
499500558_1235310878603544_8250887581790097170_n.jpg
499482624_1235310875270211_7292147183172890974_n.jpg
499621419_1235310845270214_5655116519629971455_n.jpg
499862285_1235310715270227_4312891481120495807_n.jpg
499425663_1235310725270226_6716055514388115394_n.jpg
Алдыга
Артка
499779069_1235310751936890_8360026872927943443_n.jpg
499606666_1235310961936869_1080313779524061315_n.jpg
499152987_1235310728603559_5760817854390738441_n.jpg
499261570_1235310958603536_2540380457207502421_n.jpg
499500558_1235310878603544_8250887581790097170_n.jpg
499482624_1235310875270211_7292147183172890974_n.jpg
499621419_1235310845270214_5655116519629971455_n.jpg
499862285_1235310715270227_4312891481120495807_n.jpg
499425663_1235310725270226_6716055514388115394_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Аймактык коопсуздук, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ЖККУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы жыйындын катышуучуларына кайрылып, азыркы дүйнө терроризм, экстремизм, кибер коркунучтар жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи. Ал бул факторлордун бардыгы биздин өлкөлөрдөгү туруктуулукка басым көрсөтүп жатканын жана күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кыларын ырастады.

Президент мамлекеттер аралык аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууда жана колдоодо парламенттердин маанилүү ролун белгиледи.

«Парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында саясий диалогду чыңдоого, экономиканы өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди активдүү өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ЖККУнун алкагындагы күч-аракеттер өнөктөштүк, өз ара түшүнүшүү жана колдоо духунда ыкчам жана макулдашылган аракеттерди курууга багытталышы керектигине басым жасады. Ал белгилегендей, Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары уюмду чыңдоо, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда анын беделин жогорулатуу, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин эгемендүү кызыкчылыктарын жана өздөрүнүн өнүгүү моделине болгон укуктарын урматтоо багытын бекем карманат.

Өз кезегинде ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын төрагасы Вячеслав Володин президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын уюмдун алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады.

Ал Уюмдун ишмердүүлүгүндө парламенттик катышуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Парламенттик Ассамблеянын күч-аракети аткаруу бийлигинин деңгээлинде кабыл алынган чечимдер менен айкалышып, пайда болгон чакырыктарга ыкчам жооп кайтарууга жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы координацияны камсыздоого мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз сөзүндө Кыргызстандын Уюмдагы төрагалыгынын алкагында Катчылык тарабынан жасалган иштерге кыскача токтолуп, бардык органдардын координацияланган иши тынчтыкты, коопсуздукту жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүн чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.