Садыр Жапаров: Жасалма интеллект - дүйнөлүк тарыхтын жаңы локомотиви

Президент Загрузка... 28 Май 2026 23:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Астана шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жасалма интеллект технологиялык өнүгүүнүн гана эмес, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн институционалдык жаңылануунун да маанилүү куралы боло аларын белгиледи.

Президент белгилегендей, форумдун “ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектке басым жасоо” деген темасы бүгүнкү күндө катышуучу мамлекеттердин экономикасы менен коомунун эртеңки багытын аныктап жатат.

“Жасалма интеллект мындан ары IT тармагына гана тиешелүү тар чөйрөдөгү курал эмес - бул жаңы реалдуулук.
Мамлекет башчылары катары биз күн сайын миллиондогон жарандарыбыздын коопсуздугу, туруктуулугу жана бакубаттуулугу үчүн жоопкерчиликти моюнга алабыз. Бүгүн технологиялардын тез арада өнүгүп жатканына күбө болуп, ар бирибиз бул эбегейсиз ресурс өлкөлөрүбүздү чет элдик санариптик технологиялар менен алгоритмдердин пассивдүү керектөөчүсүнө айландырбастан, тескерисинче, биздин эгемендүүлүгүбүздү бекемдешине кантип кепилдик бере алабыз деген фундаменталдуу стратегиялык суроого туш болуп жатабыз”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент акыркы жылдары Кыргызстанда заманбап санариптик мамлекеттик экосистеманы түзүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлгөнүн айтты. Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси күчүнө кирип, маалыматтарды жөнгө салуудан тартып санариптик идентификацияга, инновациялык технологиялар менен жасалма интеллектти киргизүүгө чейинки бирдиктүү укуктук негиз түзүлгөн.

Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттик булуттук инфраструктура - G-Cloud өнүгүп жатканын жана мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы санариптик байланыштын негизги платформасына айланган, мамлекеттик органдардын электрондук өз ара аракеттенүү системасы болгон “Түндүк” платформасы мындан ары да жаңыланып жатканын билдирди. Акыркы бир жыл ичинде системадагы операциялардын саны бир нече эсеге өстү. Бул адамдардын жумуш убактысынын үнөмдөлүшүнө жана жарандар менен ишкерлер үчүн чыгымдардын кыйла азайышына алып келди.

Садыр Жапаров өлкөдө мамлекеттик башкаруунун философиясы өзгөрүп жатканын баса белгиледи.

“Бир нече жыл мурда мен мамлекеттик кызматтарды жана башкарууну санариптик форматка өткөрүү тапшырмасын койгом. Ал кезде бул көпчүлүк үчүн өтө татаал маселе болуп көрүнгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жараны бир дагы мамлекеттик органга барбастан эле уюлдук телефон аркылуу эле кыймылсыз мүлктү кайра каттатып, маалымкат алып же документтерди тариздей алат. Бир караганда бул жөн гана ыңгайлуулук сыяктуу көрүнөт. Иш жүзүндө бул мамлекеттин ачыктыгынын таптакыр жаңы архитектурасы”,- деди мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстан бюрократиялык жол-жоболорду ырааттуу кыскартып, процесстерди санариптик форматка өткөрүп, адам факторун азайтып жатканын, ал эми жасалма интеллект бул өзгөрүүлөрдүн стратегиялык инструменти болуп калганын белгиледи.

Мамлекет башчысы конкреттүү мисал катары айдоочулук күбөлүк алуу системасындагы реформаны келтирди. Анын алкагында экзамен процессине жасалма интеллектке негизделген көзөмөлдөө куралдары киргизилип, субъективдүү кийлигишүүгө жол берилбей калды.

“Бул түздөн-түз жол коопсуздугун жогорулатат”, - деп белгиледи президент.

Сөзүндө өзгөчө көңүл жасалма интеллектти фискалдык системага киргизүүгө бурулду.

Андан соң мамлекет башчысы Кыргызстанда “AI-Күзөт” платформасы ийгиликтүү ишке киргизилип жатканын айтты. Бул мультиагенттик жасалма интеллектке негизделген жаңы муундагы интеллектуалдык салыктык талдоо системасы.

Система алдамчылык операцияларды жана баа менен товардык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктарды аныктайт, Кыргыз Республикасынын ичиндеги жеткирүү чынжырларын талдайт жана тобокелдикке багытталган салык төлөөчүлөрдүн профилдерин түзөт.

“Мурда кол менен талдоого айлар талап кылынса, бүгүн алгоритм иштеп жатат”- деди Садыр Жапаров.

Ушуга окшош ыкмалар бажы тармагында да колдонулууда. Жасалма интеллект документтерден маалыматтарды чыгарып, товарларды тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн номенклатурасы боюнча классификациялоого жардам берүүдө.

Президент жасалма интеллект мамлекеттик процесстердин ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыздоодогу эң натыйжалуу инструменттердин бири боло аларына ишеним билдирди.

“Коррупция чечимдер ачык эмес кабыл алынган жерде пайда болот. Субъективдүү чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон жерде орун алат. Санариптик алгоритмдер процесстерди объективдүү жана коом тарабынан көзөмөлдөнө тургандай кылат”, - деди Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы санариптик эгемендүүлүктү камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Өз маалыматтарын башкара албаган адам өз келечегин да башкара албайт. Ал эми тышкы инфраструктурага, алгоритмдерге жана коргоо системаларына көз каранды болгон мамлекет ар дайым алсыз бойдон калат. Ошондуктан Кыргызстан улуттук жасалма интеллект чечимдерин өнүктүрүүгө басым жасап жатат”, - деди президент.

Садыр Жапаров ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жасалма интеллект тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

"Биздин өлкөлөрдү терең тарыхый жалпылык, күчтүү илимий салттар жана орток экономикалык кызыкчылыктар бириктирет. Биргелешкен моделдерди иштеп чыгууда, жалпы эсептөө кубаттуулуктарын жана дата-борборлорду түзүүдө күч-аракетибизди бириктирсек, биз жөн гана колдонуучу эмес, глобалдык санариптик күн тартибинин толук кандуу архитекторлору боло алабыз”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстан билим берүү тармагына ырааттуу инвестиция салып, бул багытта реформаларды жүргүзүп жатканын да айтты.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулган. Университеттерде жасалма интеллект, санариптик укук жана заманбап IT багыттары боюнча программалар ачылууда. Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн санариптик компетенциялар борборлору түзүлүүдө.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Чыгыштын көрүнүктүү ойчулу Жусуп Баласагындын “Илим менен акыл - бардык иштин негизи” деген сөзүн келтирди.

“Биз бүгүн тарыхый мезгилде жашап жатабыз. Жасалма интеллект алып келген өзгөрүүлөр масштабы боюнча өнөр жай революциясы же космосту багындыруу менен барабар. Бирок ал учурда өзгөрүүлөр ондогон жылдар менен эсептелсе, бүгүнкү санариптик жарышта убакыт айлар менен эсептелүүдө. Жасалма интеллект - дүйнөлүк тарыхтын жаңы локомотиви. Биз бүгүн кандай чечим кабыл аларыбызга жараша өлкөлөрүбүз бул локомотивдин башкаруу кабинасында болобу же перрондо турган бойдон калабы ошол аныкталат”, - деди президент.

Мамлекет башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы ишеним, жалпы тажрыйба жана стратегиялык өнөктөштүк санариптик келечекке карай ийгиликтүү жолду биргелешип курууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.