Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?

Президент Загрузка... 27 Март 2026 16:00
photo_5345868411365430162_y.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланды.

Мамлекет башчылар Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы чыңдоого берилгендигин ырасташты.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча пикир алмашышты.