Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Бишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелигин ачты

Президент 1482 22 Август 2025 18:55
IMG_8529.jpeg
IMG_8525.jpeg
IMG_8533.jpeg
IMG_8526.jpeg
IMG_8527.jpeg
IMG_8528.jpeg
IMG_8530.jpeg
IMG_8531.jpeg
IMG_8532.jpeg
IMG_8534.jpeg
IMG_8535.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8529.jpeg
IMG_8525.jpeg
IMG_8533.jpeg
IMG_8526.jpeg
IMG_8527.jpeg
IMG_8528.jpeg
IMG_8530.jpeg
IMG_8531.jpeg
IMG_8532.jpeg
IMG_8534.jpeg
IMG_8535.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарында «Достуктун алтын көпүрөсү» эстелигин ачышты.

Композиция Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго арналган.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, эстелик кыргыз менен казактын боордоштугунун, кылымдарды карыткан руханий достугунун, чыгармачылык алака-катышы менен маданий ынтымагынын жаркыраган символу болуп саналат. Ал классиктердин, достук көпүрөсүн сөзү менен гана эмес, бүтүндөй жүрөгү менен кургандардын салымын белгиледи.

«Мухтар Ауэзов өз чыгармаларында казак талаасынын демин, эркиндикке умтулган элдин күчүн даңазалап, «Манас” эпосун жайылтууга олуттуу салым кошсо, Айтматов керемет кыргыз жергесинин асылдыгын, адамдык нарк менен ыймандын бийиктигин, аны менен кошо эки элдин тагдыры менен тарыхын дүйнөгө таанытты», - деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине Мухтар Ауэзовдун мурасына болгон аяр мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштардын маанисин баса белгиледи.

«Былтыр Астана шаарында Айкөл Манастын эстелигин салтанаттуу түрдө ачтык. Мындай жакшы демилгелер боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты дагы да бекемдейт. Чынында эле казак менен кыргыздан өткөн жакын эл жок. Элдерибиз кан-жаны, руханий байланыштары, жалпы тарыхы жана маданий мурастары менен байланышкан. Көп кылымдык достугубуз убакыттын сыноосунан өттү», - деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров улуу классиктердин сөздөрүн мисал келтирип, Мухтар Ауэзовдун “Элдешкен эл тозбойт” деген сөзүн, Чыңгыз Айтматовдун «Ынтымак – ыйык казына» деген кеби биздин ынтымакташууга карай жолубузда эң маанилүү насаат болуп кала берерин баса белгиледи.