Садыр Жапаров жана Гурбангулы Бердымухамедов "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты

Президент 2304 22 Апрель 2025 23:59
DOS_2419 (1).jpg
DOS_3136.jpg
DOS_3091.jpg
DOS_2992.jpg
DOS_2970.jpg
DOS_2964.jpg
DOS_2837.jpg
DOS_2644.jpg
DOS_2539.jpg
DOS_2538.jpg
DOS_2537.jpg
DOS_2420.jpg
Алдыга
Артка
DOS_2419 (1).jpg
DOS_3136.jpg
DOS_3091.jpg
DOS_2992.jpg
DOS_2970.jpg
DOS_2964.jpg
DOS_2837.jpg
DOS_2644.jpg
DOS_2539.jpg
DOS_2538.jpg
DOS_2537.jpg
DOS_2420.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 22-апрелде анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев комплекстин аймагында кыскача экскурсия жасатып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин жаралуу тарыхы тууралуу айтып берди.

Андан соң расмий эмес кечки тамак болду.

Ардактуу коноктор борбордун аймагында сейилдөө учурунда улуттук музыкалык аспап формасында жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга комуз чертүү чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко кыргыздын музыкалык маданиятынын символу болгон комузду тартуу кылды.

Мындан кийин президент жана төрага улуттук даамдарды тартуулоо учурунда куурма чайдан ооз тийишти.

Кийинчерээк алар комплекстин жанында жайгашкан радон булагына жөнөштү.

Анда президент Садыр Жапаров суунун дарылык касиетине токтолуп, ден соолукка тийгизген пайдалуу таасири менен белгилүү болгон мындай булактар ​​Ысык-Көл облусунда миңдеп саналарын баса белгиледи.