Садыр Жапаров жана Фор Эссозимна Гнассингбе “Ала-Арча” паркында этномаданий программага катышты

Президент 1763 28 Апрель 2026 21:15
IMG_3804.jpeg
IMG_3823.jpeg
IMG_3815.jpeg
IMG_3808.jpeg
IMG_3811.jpeg
IMG_3822.jpeg
IMG_3821.jpeg
IMG_3820.jpeg
IMG_3819.jpeg
IMG_3818.jpeg
IMG_3817.jpeg
IMG_3816.jpeg
IMG_3814.jpeg
IMG_3813.jpeg
IMG_3812.jpeg
IMG_3810.jpeg
IMG_3809.jpeg
IMG_3807.jpeg
IMG_3806.jpeg
IMG_3805.jpeg
IMG_3824.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3804.jpeg
IMG_3823.jpeg
IMG_3815.jpeg
IMG_3808.jpeg
IMG_3811.jpeg
IMG_3822.jpeg
IMG_3821.jpeg
IMG_3820.jpeg
IMG_3819.jpeg
IMG_3818.jpeg
IMG_3817.jpeg
IMG_3816.jpeg
IMG_3814.jpeg
IMG_3813.jpeg
IMG_3812.jpeg
IMG_3810.jpeg
IMG_3809.jpeg
IMG_3807.jpeg
IMG_3806.jpeg
IMG_3805.jpeg
IMG_3824.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.04.26./Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе 28-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программага катышышты.

Меймандарды төкмө акындар жана улуттук зоот кийимчен баатырлар тосуп алышты.

Иш-чаранын алкагында того делегациясына кыргыз элинин бай материалдык жана руханий мурасын чагылдырган “Кыргыз айылы” көргөзмө комплекси көрсөтүлдү.

Көргөзмөдө кол өнөрчүлүк жана зергерчилик буюмдар, салттуу музыкалык аспаптар, согуштук жана аңчылык куралдардын үлгүлөрү, ошондой эле көчмөн турмушка тиешелүү буюмдар коюлган.

Ошондой эле коноктордун көңүлүн аң улоочу иттердин кыргыздарга таандык тайган тукуму, алгыр бүркүттөр жана салттуу кийиз килем-шырдактар бурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Фор Эссозимна Гнассингбеге кыргыз улуттук музыкалык аспабы — комузду белекке берип, аны улуттук суусундуктар менен сыйлады.

Маданий программа “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу менен улантылып, андан соң “Кайбар”, “Шаттык” жана “Акмарал” элдик-фольклордук ансамблдери кыргыз эл жана дүйнөлүк музыкалык чыгармаларды, ошондой эле улуттук бийлерди тартуулашты.

Белгилей кетсек, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.