Садыр Жапаров жана Асиф Али Зардари этномаданий программа менен таанышты

Президент 1584 07 Июль 2026 20:16
IMG_1078.jpeg
IMG_1079.jpeg
IMG_1080.jpeg
IMG_1081.jpeg
IMG_1082.jpeg
IMG_1083.jpeg
IMG_1084.jpeg
IMG_1085.jpeg
IMG_1086.jpeg
IMG_1087.jpeg
IMG_1088.jpeg
IMG_1089.jpeg
IMG_1090.jpeg
IMG_1091.jpeg
IMG_1092.jpeg
IMG_1093.jpeg
IMG_1094.jpeg
IMG_1095.jpeg
IMG_1096.jpeg
IMG_1097.jpeg
IMG_1098.jpeg
IMG_1099.jpeg
IMG_1100.jpeg
IMG_1101.jpeg
IMG_1102.jpeg
IMG_1103.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1078.jpeg
IMG_1079.jpeg
IMG_1080.jpeg
IMG_1081.jpeg
IMG_1082.jpeg
IMG_1083.jpeg
IMG_1084.jpeg
IMG_1085.jpeg
IMG_1086.jpeg
IMG_1087.jpeg
IMG_1088.jpeg
IMG_1089.jpeg
IMG_1090.jpeg
IMG_1091.jpeg
IMG_1092.jpeg
IMG_1093.jpeg
IMG_1094.jpeg
IMG_1095.jpeg
IMG_1096.jpeg
IMG_1097.jpeg
IMG_1098.jpeg
IMG_1099.jpeg
IMG_1100.jpeg
IMG_1101.jpeg
IMG_1102.jpeg
IMG_1103.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари бүгүн, 7-июлда анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү.

Мамлекет башчыларын тайгандар жана алгыр куштар менен салбуурунга катышуучулар тосуп алышты.

Андан соң төкмө акындар кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.

Мындан кийин лидерлерге салттуу кол өнөрчүлүк устаканаларынан тарта боз үйдүн ички жасалгасына чейинки көчмөндөрдүн өзгөчө маданиятын жана турмушун чагылдырган инсталляциялар көрсөтүлдү.

Устаканаларды көрүү учурунда Садыр Жапаров Асиф Али Зардариге белек катары улуттук баш кийим - ак калпак кийгизди.

Этномаданий программа салттуу мелдештерди: жаа атуу, каскадер-атчандардын ат үстүндөгү парадын, алгыр куштар менен аңчылык жана байыркы тайгандардын жарышын көрсөтүү менен жыйынтыкталды.