Садыр Жапаров Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды

Президент 1293 20 Август 2025 15:40
533570621_1315681693899795_3993255253023756495_n (1).jpg
535029891_1315682453899719_3399561521800250592_n.jpg
519651696_1315682373899727_7269804254442230914_n.jpg
515435806_1315682307233067_7654058578653225438_n.jpg
534328242_1315682270566404_3148238085479724538_n.jpg
Алдыга
Артка
533570621_1315681693899795_3993255253023756495_n (1).jpg
535029891_1315682453899719_3399561521800250592_n.jpg
519651696_1315682373899727_7269804254442230914_n.jpg
515435806_1315682307233067_7654058578653225438_n.jpg
534328242_1315682270566404_3148238085479724538_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Саида Мирзиёева кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.

Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси өз ара сый-урматка жана коңшулаштыкка негизделген мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, бул процесстеги эки өлкөнүн лидерлеринин маанилүү ролун белгиледи.

Саида Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин эле командалык духтун жана эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда достук мамилелерди орнотуунун символу болуп калган Бишкекте өткөрүлө турган «Заковат» интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.