Садыр Жапаров Ысык-Атада керамика плиткаларын өндүрүүчү заводду ачты

Президент 1217 16 Июнь 2025 12:28
507065514_1258435056291126_318582073336362723_n (1).jpg
506734570_1258435989624366_5342232348445999993_n.jpg
508146743_1258435916291040_7898487578668374076_n.jpg
506803364_1258435902957708_1675989894121622268_n.jpg
506818346_1258435872957711_3490055023541433971_n.jpg
506730262_1258435769624388_547145055492860967_n.jpg
507105065_1258435749624390_1303967795137211432_n.jpg
506720729_1258435799624385_8905078600370371324_n.jpg
508175330_1258435019624463_6114649226969531177_n.jpg
506707159_1258435609624404_7801605799669977470_n.jpg
506803359_1258435576291074_2885308506189696245_n.jpg
506827735_1258435552957743_1911690730147976922_n.jpg
506799868_1258435496291082_3311664076823644337_n.jpg
507757145_1258435452957753_2217984541489962954_n.jpg
508430187_1258435422957756_3047873911439516079_n.jpg
508110427_1258435352957763_6844681656360982592_n.jpg
506709781_1258435319624433_8294679765956136288_n.jpg
506705108_1258435032957795_6395411368243629069_n.jpg
507129540_1258435296291102_8304389320518611250_n.jpg
506999932_1258435186291113_6979707191059653423_n.jpg
506840513_1258435092957789_3250389441482679452_n.jpg
506901848_1258435129624452_6028082769713170738_n.jpg
507065514_1258435056291126_318582073336362723_n.jpg
508166630_1258435149624450_5075450688026169751_n.jpg
506970939_1258434942957804_1622876607982273565_n.jpg
508613844_1258434959624469_8701619409732050349_n.jpg
506703087_1258434952957803_6172923643064133710_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Ысык-Ата районунун Ивановка станциясы айылында "Асылташ Керамикс" керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду ишке киргизүү аземине катышты.

Мамлекет башчы соңку жылдары өлкөбүздө курулуш материалдарын чыгаруу жана кайра иштетүүчү өнөр жайды жандандыруу жаатында жакшы тенденция калыптанып жатканын белгиледи.

“Кыргызстан акырындык менен чийки зат экспорттоочу өлкөдөн кайра иштетүүчү мамлекетке өтүп, жакынкы келечекте жогорку технологиялар менен продукция өндүргөн өлкөгө айланат деген ишеним чоң”, - деди Садыр Жапаров.

Ал аталган заманбап ишкана дагы Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы жаңы барак, өлкөбүздүн экономикалык суверенитетин жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган кезектеги чечкиндүү кадам деп баса белгиледи.

Завод жалпы суммасы 40 млн АКШ долларын түзгөн инвестициянын негизинде курулган жана жылына 3 миллион чарчы метр керамика продукцияларын чыгарат деп мерчемделүүдө. Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 3,3 млн чарчы метрге жетип, 1 млрд 500 млн сомдук кирешени түзөт.

Президент натыйжада орточо айлык акысы 50 000 сомду түзгөн 300дөн ашуун жаранды туруктуу жумуш орду менен камсыз кыларын белгилеп өттү.

“Албетте, бул — курулуш сектору үчүн маанилүү! Анткени сапаттуу ички өндүрүш өлкөнү импортко болгон көз карандылыктан куткарып, баалардын туруктуулугун камсыз кылат”, - деп канааттануу менен белгиледи мамлекет башчы.

Президент Ысык-Ата районунун тургундарына кайрылып, заводдун негиздөөчүсү — өзүбүздүн эле мекендешибиз экенин баса көрсөттү. Ал анын 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү түз инвестициясы өлкөбүздүн ички рыногунун инвестициялык жагымдуулугу артып баратканын айгинелейт деп ырастады. Мындан тышкары ал белгилегендей, бул чет өлкөгө чыгарылган кирешелердин кайра Кыргызстанга кайтып, кирешелерди легалдаштыруу долбоорунун натыйжалуу болуп жатканын күбөлөндүрөт.

Садыр Жапаров эки жыл мурда “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынганын эске салды. Мындай мүмкүнчүлүктү көптөгөн ишкерлер колдонушуп, заводдордун, фабрикалардын, IT-хабдардын курулушуна инвестиция сала башташты. Ошондой эле мамлекет башчы мурда 30 жыл бою бардыгы саясат менен алек болуп келишсе, эми иш менен алектенүүгө убакыт келгенин белгиледи.

Чүй облусу бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнөр жай борборуна айланууда. 2024-жылы облуска жалпы жонунан 140,5 млн доллар инвестиция тартылган.

“Бул — эл аралык жана ички ишкерлердин Кыргызстанга болгон ишениминин ачык белгиси. Аталган ири долбоорлор өлкөбүздүн өз күчүнө таянган өнөр жайын түптөйт”, - деп ырастады президент.

“Асылташ Керамикс” — бул чопо, ак чопо (каолин) жана талаа шпаты сындуу кыргыз жериндеги кен байлыктарды иштеткен ата мекендик ийгиликтүү өндүрүш.

Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекет келечектүү долбоорлорду колдоого алып келет. Ал аталган долбоорду ишке ашырууга да мамлекет колдоо көрсөтүп, төмөнкүдөй иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи:
– жер тилкеси трансформацияланып берилди;
– газ жана электр энергиясы менен камсыздалып, инфратүзүм жакшыртылды;
– инвестициялык келишимдер даярдалып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылды;
– насыялык каржылоого мамлекет кепилдик берди.

Заводдун продукциясынын 50%дан ашыгы тышкы рынокторго экспорттолот.

“Биздин максатыбыз — ишкерликти өнүктүрүү менен ар бир жарандын турмушун жакшыртуу болуп саналат. Бул сыяктуу заманбап өндүрүштөрдүн арбышы — ишенимдүү өнүгүүнүн белгиси. Ачылып жаткан ар бир ишкананы - бекем ишеним, талбаган аракет жана жаркын келечек деп айтууга толук негиз бар. Себеби биз өз ресурстарына таянган, өз элине ишенген жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз”, - деди өлкө башчы.

Ал мамлекет мындан ары да экономиканын реалдуу секторун колдоо саясатын улантарын баса белгиледи.

“Биз инвестиция үчүн жагымдуу маанай жаратып, аймактарда ийгиликтүү долбоорлордун ишке ашуусуна шарт түзө беребиз.
Мамлекеттик органдар ар тараптуу жана натыйжалуу колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр”, - деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Андан кийин мамлекет башчы символикалык иш баштоо баскычын басып, заводдун ишин расмий баштап берди.

Соңунда президент заводдун өндүрүш процесси менен таанышты.