Будапештте Садыр Жапаров менен Виктор Орбан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 1206 21 Май 2025 15:10
DOS_3330.jpg
498660282_1236964188438213_2426908479809485046_n.jpg
499998332_1236964291771536_7946072004466154585_n.jpg
499931383_1236964241771541_408993608645340384_n.jpg
498660282_1236964188438213_2426908479809485046_n.jpg
498248662_1236964148438217_8649100936639510141_n.jpg
499130917_1236964105104888_3243365105785769590_n.jpg
499216431_1236964351771530_2311526507234850314_n.jpg
499861063_1236964411771524_428998678922591056_n.jpg
Алдыга
Артка
DOS_3330.jpg
498660282_1236964188438213_2426908479809485046_n.jpg
499998332_1236964291771536_7946072004466154585_n.jpg
499931383_1236964241771541_408993608645340384_n.jpg
498660282_1236964188438213_2426908479809485046_n.jpg
498248662_1236964148438217_8649100936639510141_n.jpg
499130917_1236964105104888_3243365105785769590_n.jpg
499216431_1236964351771530_2311526507234850314_n.jpg
499861063_1236964411771524_428998678922591056_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун алдында премьер-министрдин кеңсесинде кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүү залына бет алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки жактуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле түрдүү тармактарда өз ара кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан президент Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу экономикалык жана саясий кызматташтык союздаштыктын жана достуктун бекем пайдубалысыз мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Ал Кыргызстан акыркы жылдары жетишкен алгылыктуу өзгөрүүлөргө жана ийгиликтерге кызыгуу менен көз салып жатканын белгилеп, мамлекет башчысын таасирдүү натыйжалары менен куттуктады.

Виктор Орбан Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишин канааттануу менен белгилеп, анын ресурстарын эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн негиз боло турган стратегиялык долбоорлорго жумшоонун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Премьер-министр Кыргызстан географиялык татаал абалына карабастан, ишенимдүү өнүгүүнү көрсөтүп, экономикалык позициясын бекемдеп жатканын өзгөчө баса белгиледи.

Ал президент Садыр Жапаровду Венгрия келечектүү долбоорлорду кароого ачыктыгына жана Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга даяр экендигине ишендирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров өкмөттөр аралык мамилелердин активдүү өнүгүүсүн, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чыңдалгандыгын белгиледи.

Ал акыркы беш жылдын ичинде өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өскөнүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле мажар тарапка Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 50 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү чечими үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Бул чечим биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы перспективаларды ачат.

Садыр Жапаров Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго Венгриянын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, логистика жана жаңы технологиялар боюнча венгерлердин тажрыйбасына кызыгуусун билдирди.

Президент Садыр Жапаров венгриялык инвесторлордун демилгелерин ар тараптуу колдоого, аларды коргоого жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мындан аркы конструктивдүү кызматташуу, стратегиялык өнөктөштүк жана бир туугандык мамилелерди бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.