Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде атайын кызматтын айрым өкүлдөрүнүн Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, мыйзамсыз аракеттерге барышы мүмкүн деген дооматтарга жооп берди.
Мамлекет башчысы мыйзам бузуу фактылары аныкталса, ага эч ким көз жумбай турганын жана сөзсүз жоопкерчилик болорун баса белгиледи.
"Бизде ким болбо мыйзамсыз аракеттерге баргандарды калкалоо деген түшүнүк жок. Эгер атайын кызматтын же башка мамлекеттик органдын айрым өкүлдөрү мыйзам чегинен чыгып, өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан фактылар аныкталса, алар сөзсүз түрдө иликтенет жана жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз", - деди президент.
Садыр Жапаров бул принцип атүгүл анын жакындарына да колдонулуп келгенин эске салды.
"Бул принцип биздин деле жакын туугандарыбызга, жакындарыбызга иштеген учурлар болгон. Ага өзүңүздөр күбө болгонсуздар. Мыйзам ар дайым иштеп келген жана мындан ары да иштей берет. Эч бир мамлекеттик кызматкерге мыйзам бузууга же жеке кызыкчылык үчүн кандайдыр бир аракеттерге барууга уруксат берилген эмес",-деди өлкө башчысы.