Садыр Жапаров УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратын ачты

Президент 1856 31 Май 2025 23:55
502414902_1245513117583320_4881227811631059325_n.jpg
501460929_1245512477583384_4524418014718574200_n.jpg
502568876_1245512424250056_7282849718325548443_n.jpg
501618850_1245512410916724_1431762490244606918_n.jpg
502476338_1245511550916810_8090456915117041650_n.jpg
502467748_1245511777583454_8197647601668929801_n.jpg
501378890_1245512337583398_7986087383704376420_n.jpg
501396012_1245512257583406_1253053886213833031_n.jpg
502459198_1245512214250077_8106904735626827778_n.jpg
502452474_1245511737583458_2840063701601862773_n.jpg
502731930_1245512174250081_1824413874025214031_n.jpg
503342746_1245512077583424_7077294084911995476_n.jpg
502449478_1245511687583463_5705905840146797090_n.jpg
501529900_1245512114250087_7668461517935086658_n.jpg
502452299_1245511537583478_7155719761365601370_n.jpg
501557667_1245512037583428_233614719947343377_n.jpg
502469730_1245511884250110_8188454542847267804_n.jpg
502422743_1245511814250117_4604314530143657519_n.jpg
502490853_1245511860916779_4284856593609118085_n.jpg
502432181_1245511504250148_7777097848922448702_n.jpg
502585123_1245511594250139_4048430134033019120_n.jpg
501461037_1245511610916804_778355373121137685_n.jpg
502595254_1245511530916812_1656003647841490146_n.jpg
501476369_1245513097583322_6882322683523702944_n.jpg
502585761_1245513054249993_4767142307302359678_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (КР УКМК) борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Алгач мамлекет башчысы УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын инфраструктурасы менен таанышты. Ал кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, административдик залдарды, жыйын-залдарды, техникалык жайларды, ошондой эле кызматкерлердин эс алуу жана тамактануу жайларын көрүп чыкты.

Андан соң президент УКМКнын кызматкерлерине жана ардактуу ардагерлерине кайрылып, тез өзгөрүп жаткан дүйнө шарттарында улуттук коопсуздуктун мааниси болуп көрбөгөндөй артып жатканын белгиледи. Ал өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу стратегиялык мамилени жана системалуу иштерди жүргүзүүнү талап кылаарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров жаңы имарат заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсү үчүн бардык шарттар менен жабдылганын өзгөчө белгиледи. Анда административдик залдар, иш бөлмөлөр, ашкана, спорт аянтчалары, көп кабаттуу унаа токтоочу жай жана башка заманбап инфраструктура элементтери каралган.

Мамлекет башчысы УКМК конституциялык түзүлүштү, аймактык бүтүндүктү коргоо, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, контрчалгындоо ишмердүүлүгүн жана аналитикалык иштерди жүргүзүү боюнча эң маанилүү милдеттерди аткарып, мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп калганын белгиледи.

Президент кызматтын ардагерлерине өзгөчө көңүл буруп, алардын улуттук коопсуздук тутумун калыптандырууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымын өзгөчө белгиледи. Ал чекисттердин бир нече муунунун жан аябас эмгегинин аркасында өлкөнүн улуттук коопсуздугу камсыздалганын, айрым учурларда кызматкерлер урунттуу милдеттерди чечүүдө өз өмүрүн кыйганын эске салды. Буга байланыштуу Садыр Жапаров маркум Жумабек Асанкуловду, Анарбек Бакаевди, Усуп Муканбаевди өзгөчө урмат менен эскерип, аларды Мекенге жан аябас кызмат кылуунун үлгүсү деп атады. Ал ошондой эле эмгек жолдору мекенчилдиктин үлгүсүнө айланган азыркы ардагерлер - Таштемир Айтбаев, Турар Рыскелдиев жана Зайырбек Юнусалиевдин сиңирген эмгегин белгилеп өттү.

Ал мамлекет башчысы катары улуттук коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурарын ырастады.

Алсак, 2021-жылдан бери УКМК органдарын модернизациялоонун алкагында республика боюнча 94 объект, анын ичинде 73 административдик имарат, 7 бала бакча жана 14 социалдык турак жай имараты пайдаланууга берилген. Стратегиялык кадамдардын бири өлкөнүн генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Улуттук коопсуздук академиясынын ачылышы болду. Ал белгилегендей, мурда адистер чет өлкөдөн даярдалып келсе, эми Кыргызстанда заманбап технологияларды жана иш ыкмаларын өздөштүрүү менен жаңы кадрлар даярдалат.

Президент УКМКнын борбордук аппаратынын улуттук коопсуздук саясатын иштеп чыгуудагы жана жүзөгө ашыруудагы, анын ичинде глобалдык жана аймактык чакырыктардын шартындагы маанилүү координациялоочу ролун баса белгиледи.

Ал УКМКнын борбордук аппаратынын мурдагы имараты 1983-жылы курулуп, кызматкерлердин бир нече муунуна көп убакыт кызмат кылганын эске салды. 2023-жылы материалдык-техникалык базаны модернизациялоо программасынын алкагында заманбап курулуш технологияларын колдонуу менен жаңы имараттын курулушу башталган. Жаңы комплексте натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мамлекет башчысы кызматкерлердин чечкиндүү аракеттеринин аркасында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөш ийгиликтүү уланып жатканын айтты. Натыйжада өлкө бюджетине 200 миллиард сомдон ашык каражат кайтарылып, экономиканын өнүгүшүнө чоң салым болуп калды. Ошондой эле мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 1100дөн ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылып, калктын кеңири колдоосуна ээ болду.

«Улуттук коопсуздук - бул атайын кызматтардын гана иши эмес, бүтүндөй элдин, ар бир жарандын иши! Жаңы Кыргызстанды куруу ниетибизде бирдиктүү болсок, өлкөбүздүн коопсуз келечегин камсыздай алабыз. Ошондуктан, мен бардыгыңыздарды бул күч-аракеттерди көрүп, түшүнүп, колдоого чакырам!», - деп белгиледи соңунда президент Садыр Жапаров.